Бразилияда жеке учак кулап, бир үй-бүлөдөн 10 киши набыт болду

Бразилиянын түштүгүндөгү Грамаду шаарында чакан учак кулап, бир үй-бүлөнүн 10 мүчөсү каза болду. Кырсыктан 17 адам жаракат алды.

Бразилиянын Жарандык коргонуу бөлүмү авария тууралуу социалдык медиада билдирүү таратты. Билдирүүдө ишкер Луис Клаудио Галеазциге таандык чакан учак Грамадо шаарында азырынча белгисиз себеп менен учуп чыккандан бир нече мүнөттөн кийин имараттын моруна кулап, жарылуу болгону айтылат.

Учактын бортунда бир үй-бүлөдөн 10 адам каза болуп, окуядан 17 адам жаракат алганы, экөөнүн абалы оор экенин жазышты.