Бразилияда көпүрө кулап, 2 адам каза болду. Дагы 16 адам дайынсыз болуп жатат.
NTV басылмасы кабарлагандай, өлкөнүн түндүгүндөгү Мараньян штатынын Эштрейту шаары менен Токантинс штатынын Агиарнополис шаарын бириктирген Жусселино Кубитчек де Оливейра көпүрөсү урап түшкөн. 1960-жылы курулган көпүрөнүн узундугу 533 метр болгон.
Окуядан 2 адамдын сөөгү табылып, дайынсыз жоголгон 16 кишини издөө иштери уланууда.
Бразилиянын президенти Луис Инасио Лула да Силва социалдык тармактагы баракчасына көпүрөнүн кулашынан улам дарыяга 4 жүк ташуучу унаа, 2 жеңил унаа жана 2 мотоцикл түшүп кеткенин жазды.