Бразилияда учак кулап, анда футбол клубунун 4 оюнчусу жана президенти набыт болду

Кечээ, 24-январда «Пальмас» клубунун президенти жана оюнчулары учуп бара жаткан учак Бразилиянын Порту-Нациунал шаарынын аймагына кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына таянсак, учак Токантинс авиация ассоциациясынын учуп-конуу тилкесине аз калганда кулаган.

Бортто пилоттон тышкары “Пальмас” клубунун төрт оюнчусу Лукас Пракседес, Гильрме Ное, Рануле жана Маркус Молинари, ошондой эле клубдун президенти Лукас Мейра болгон. Учактагы бардык адамдар каза болгон.