Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы шаарларды басып калган жер көчкүдөн он адам каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си жазат.
Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон жер көчкү эң көп Ипатинга шаарындагы Бетания аймагы зыянга учурады.
Ипатингада тогуз кишинин каза болгондугу тастыкталды, дагы бир адамдын сөөгү Сантана-ду-Параисодо табылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары беш тууганы көчкү астында каза болгон үйдөн эки өспүрүм качып кетүүгө үлгүргөнүн жазышты.
Көчкүлөр шаардагы медициналык борборго да зыян келтирип, жаракат алгандарды дарылай албай калган.