Бразилиянын экс-президенти 27 жылга кесилди

Бразилияда мурдагы президент Жаир Болсонару 27 жылга эркинен ажыратылды. Өлкөнүн Жогорку сотунун Судьялар кеңеши Болсонаруну 2022-жылдагы шайлоодо утулуп калгандан кийин аскердик төңкөрүш максатын көздөгөн деп тапты.

Болсонарунун адвокаттары өкүмдү «абсурд» деп атаган билдирүү таратышты, аны бардык инстанцияларда, эл аралык соттордо талашарын жарыялашты.

Жаир Болсонару Бразилияны 2019-2023-жылдары жетектеген. 2022-жылкы шайлоодо утулуп калгандан кийин ал жеңилгенин мойнуна алган эмес. Болсонарунун тарапташтары ири демонстрацияга чыгып, ал башаламандык менен аяктаган. Мурдагы президентти жактагандар парламенттин, Жогорку соттун имаратына, президенттик резиденцияга кирип барышкан.

Жыйынтыгында жүздөгөн киши камалган. Болсонару өзүнө тагылган дооматтардын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгына айланганын айткан.