Брэдли Купер менен Ирина Шейк кечеге чогуу барып, кайрадан ушактарды күчөттү

Өткөн дем алыш күндөрү модель Ирина Шейк менен актер Брэдли Купер Нью-Йорктогу «Автопортрет» брендинин жеке кечесинде чогуу келишкенин Daily Mail порталы билдирди. Мурдагы жубайлар негиздөөчү жана дизайнер Хан Чонггу менен сүрөткө түшүшкөн.

Бул түгөйлөрдүн бирге болушу тууралуу кептер бир айдан ашык убакыттан бери айтылып келет. Акыркы жолу алар 5 жаштагы кызы Лия менен чогуу эс алуу учурунда көрүшкөн жана өткөн дем алыш күндөрү Ирина Шейк менен Брэдли Купер сүрөт менен имиштерди кайрадан күчөтүштү.

Түгөйлөр 2015-жылы сүйлөшүп башташкан, бирок 2019-жылы атактуулар ажырашып кетишкен.