Британ бийлиги Елизавета IIнин тажыясына кеткен чыгымды эсептеп чыкты

Ханыша Елизавета IIни акыркы сапарга узатуу жана бир нече күнгө созулган аза күтүү иш-чаралары бюджетке болжол менен 162 миллион фунт стерлинг же 201 миллион доллар чыгым келтирген. Бул тууралуу  Улуу Британиянын каржы министринин орун басары Жон Глен билдирди.

Елизавета II 2022-жылы 8-сентябрда 96 жашында каза болгон, акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрда болгон. Улуттук аза күтүү он күнгө созулуп, анын жүрүшүндө жүз миңдеген адамдар ханышанын табыты коюлган Вестминстер сарайына келишкен. 

Ички иштер министрлиги (74 миллион фунт стерлинг) жана Санарип, маданият, медиа жана спорт министрлиги (57 миллион фунт стерлинг) эң көп каражат короткон. Каржы министрлиги алар Шотландия өкмөтүнүн (£18,8 миллион), Уэльстин жана Түндүк Ирландиянын (ар бири 2 миллион фунт стерлинг) чыгымдарын борбордук бюджеттен компенсациялаганын билдирди.