Британ министри жардамчысы менен өбүшүп жатканда «тузакка» түшкөн. Ал социалдык аралыкты бузганы үчүн кызматтан кетти

Улуу Британиянын саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкок жардамчысы менен өбүшүп жатканда «тузакка» түшкөн. Ал социалдык аралыкты сактоо эрежесин бузганы үчүн кызматтан кетти. Арызда ал үй-бүлөсүнөн жана жакындарынан да кечирим сураган. Бул тууралуу министр соцтармактагы баракчасында жазды.

25-июнда «The Sun» гезити министр менен жардамчысы өбүшүп жаткан сүрөттү жарыялаган. Ушул окуядан кийин эле парламенттин эки партиясынын тең депутаттары министрди кызматтан алууну талап кыла башташкан. Министрдин жардамчысы да кызматынан кетип, ал эми министр 15 жылдан бери чогуу жашап келген жубайы менен ажырашканы маалым болду.