Британияда абактарда орун жетишсиздигинен улам 2 миңге жакын соттолуучу бошотулду

Британ өкмөтү соттолгондорду массалык түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу программасын ишке ашыра баштады. Премьер-министр Кир Стармер мындай чечимди жаңы кылмышкерлерге орун бошотуп берүү үчүн кабыл алынганын айтты. Бул тууралуу Daily Mail жазды. 

Биринчи этапта өкмөт жаза мөөнөтүнүн 40 пайызын өтөгөн 1700дөй айыпталуучуну бошотту. Ушундай эле сандагы жаран октябрь айында чыгарыларын ЖМКлар жазды. Британ өкмөтү бул программа сексуалдык кылмыштар, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана терроризм үчүн соттолгон адамдарга колдонулбай турганын билдирди.