Британияда көп кабаттуу үйдү бал аарылар каптап, жашоочулар сыртка чыга албай калган

Улуу Британияда миңдеген бал аары көп кабаттуу үйдү каптап, айрым жашоочулар сыртка чыга албай калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

30 жаштагы Кейли Хардинг 3 жылдан бери жай мезгилинде бал аарылар алар жашаган 4 кабаттуу үйдү каптап каларын айтат. «Бал аарылар дубалдардын кычыктарына кирип алышат. Кеминде 30 миңдей бал аары үйдүн айланасында, керек болсо үйлөрдө да учуп жүрүшөт. Кызымды качан чагып алат экен деп чочулап турам. Кошуналарыбыздын биринин аллергиясы бар. Ал үйүнө камалып, чыга албай отурат. Жашоочулар бир нече жолу бийликтегилерге арыздандык, бирок азырга чейин жыйынтык жок», — деген британиялык айым.