Британ жараны Расс Кук дээрлик бир жыл бою бүткүл Африка континентин түштүктөн түндүккө чейин чуркап өткөн. Бул тууралуу Sky News телеканалы билдирди.
Ал сапарын 2023-жылдын 22-апрелинде Африка континентинин эң түштүк чекитинде, Агулхастан баштап, 2024-жылдын 7-апрелинде Тунисте марага жетти. Жөө күлүк 16 мамлекетти басып өткөн.
«Баары жакшы, бир аз чарчадым», — деди Кук Sky News телеканалына. Натыйжада, адам кайрымдуулукка жумшала турган 600 миң фунт стерлинг (болжол менен 70,2 миллион сом) чогулткан.
Кыргызстандын куткаруучулары Жеңиш чокусунда калып калган орусиялык альпинист Наталья Наговицинаны издөө иштерин убактылуу токтотту. Бул тууралуу ТАСС жазды. «Аба ырайынын...
Абай районунун Бестерек айылында Тойота айдап, өспүрүмдөрдү сүзүп кеткен жаран адамдарды тааныбай жатканын Tengrinews.kz Жетинчи каналга шилтеме берүү менен билдирди....