Британиялык Африканы түштүктөн түндүккө карай 1 жылдын ичинде чуркап өттү (видео)

Британ жараны Расс Кук дээрлик бир жыл бою бүткүл Африка континентин түштүктөн түндүккө чейин чуркап өткөн. Бул тууралуу Sky News телеканалы билдирди.

Ал сапарын 2023-жылдын 22-апрелинде Африка континентинин эң түштүк чекитинде, Агулхастан баштап, 2024-жылдын 7-апрелинде Тунисте марага жетти. Жөө күлүк 16 мамлекетти басып өткөн.

«Баары жакшы, бир аз чарчадым», — деди Кук Sky News телеканалына. Натыйжада, адам кайрымдуулукка жумшала турган 600 миң фунт стерлинг (болжол менен 70,2 миллион сом) чогулткан.