Мутант-маймылдын сүрөтү түшүрүлгөн шампан 2,5 миллион долларга сатылды

2017-жылы чыккан Chаteau Avenue Foch шампаны рекорддук баага 2 миллион 500 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Кымбат баалуу шампанды чыгаруу идеясы британиялык жеке ишкер Шамми Шинхуга таандык. Ал өзүнүн идеясын Миг аттуу сүрөтчү менен ишке ашырган. Сүрөтчү бөтөлкөгө куса болгон мутант-маймылдын сүрөтүн түшүргөн.