Британиянын падышасы Карл III рак оорусуна чалдыкты

Улуу Британиянын падышасы Карл III рак оорусуна чалдыккан. Букингем сарайынын билдирүүсүндө монархтын жакында простата безинин чоңойгону үчүн ооруканага жаткырылган учурунда маселе жаралганы, кийинки диагностикалык текшерүүлөрдө рактын бир түрү аныкталганы айтылат.

Дарыгерлер ага коомдук иштерди кийинкиге жылдырууну кеңеш кылышкан.

Карл III жана анын жубайы Камилла 2023-жылдын 6-майында таажы кийген. Расмий түрдө Карл III 2022-жылдын 8-сентябрында ханыша Елизавета II каза болгон күндүн эртеси падыша болгон.