Бритни Спирс жылаңач сүрөтүн жүктөп, талкууга түштү

40 жаштын кырын ашкан америкалык ырчы Бритни Спирс жылаңач сүрөтүн Инстаграм баракчасына жүктөп талкууга түштү.  Жакында гана 3-перзентин күтүп жатканын жар салган ырчы айым ачык сүрөтүн «Мен баарыңарды жакшы көрөм» деген билдирүү менен калтырган.  Албетте, Бритнинин бул сүрөтү фанаттарын эки жаатка бөлүп койду. Сүрөттөн эч кандай жаман нерсе көрбөй, тескерисинче, «азамат, сенин күчтүүлүгүң менен сыймыктанам!», «сага суктанам», «кош бойлуу сулуу айым» деп суктанып бүтпөй жатышса, айрымдары «бул айым чектен ашып кетти», «колунан телефонду алып койгулачы», «эмне эле болуп баратат?» деген сыяктуу нааразычылыктарын жаадырышкан.