BTS тобунун мүчөлөрү Пак Жимин менен Чон Жоңгук аскердик кызматын өтөп бүтүштү (видео)

Дүйнөгө белгилүү BTS тобунун мүчөлөрү Пак Жимин менен Чон Жоңгук 11-июнда аскерден келишти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Аларды Түштүк Кореянын Кёнгги провинциясынын Ёнчхон шаарындагы ARMY коомчулугунун күйөрмандары жана журналисттер тосуп алышты.

Экөө тең аскердик кызматын 2023-жылдын 12-декабрында 5-аткычтар дивизиясынын артиллериялык бөлүгүндө башташкан. Азыр күйөрмандар топтун акыркы мүчөсү Шугинин кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышат, ал аскердик кызматын 21-июнда өтөп бүтөт.