BTS тобунун мүчөсү Чонгук Катардагы Дүйнө чемпиондугунда ырдайт

12-ноябрда Big Hit Music расмий билдирүү жасап, BTS тобунун мүчөсү Чонгук Катардагы Дүйнөлүк чемпиондуктун ачылыш аземине катыша турганын жарыялады.

«Биз Чонгуктун Катар Дүйнөлүк Кубогунун саундтрегинин бир бөлүгүндө бар экенин жана ачылыш аземинде ырдай турганын сыймыктануу менен билдиребиз», — деп айтылат маалыматта. 

Ал расмий саундтректин аткаруучуларынын бири. Ачылыш аземи 20-ноябрда Аль-Байт стадионунда болот. Ушул эле күнү бул стадиондо Катар менен Эквадордун ортосундагы биринчи лига оюну өтөт.