«Бул жубайлардын тун уулу». Индияда 70 жаштагы аял уул төрөдү

Индияда 70 жаштагы аял экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКУ) аркылуу уул төрөдү. Бул анын биринчи баласы. Күйөөсү менен бирге 40 жыл бою бала эңсеп келишкен. Бул тууралуу Loop News жазып чыкты.

70 жаштагы Живунбен Рабари менен анын 75 жаштагы күйөөсү Мальдхари 45 жылдай бирге жашашкан. Балалуу болууга болгон ийгиликсиз аракеттерден кийин жубайлар репродуктивдүү медицинага кайрылууну чечишкен. «Алар бизге келгенде, биз бул куракта балалуу боло алышпарын айтканбыз, бирок алар ойлорунан баш тартышкан жок. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбү мындай ыкма менен балалуу болгонун айтышты. Бул мен көргөн сейрек учурлардын бири«, — деген дарыгер. 

Жубайлар Индиянын Гуджарат штатынын Кемора айылында жашашат. Күйөөсү да, аялы да жаза албайт жана окуй алышпайт. Аялдын жашын тастыктоочу паспорту да жок, бирок туугандары анын чынында 70 жашта экенине ишендиришкен.