«Бул эмне деген сыйлабастык». Казакстанда концерт берген Моргенштерн тепкиге калды

Белгилүү орусиялык рэпер Алишер Моргенштерндин жакында Алматыда өткөн концертинен бир топ видеолор интернетке жүктөлдү. Бирок анын шоудагы жүрүм-туруму күйөрмандарынын арасында да көптөгөн суроолорду жаратууда.

Рэпердин концерти 7-октябрда Алматыдагы түнкү клубдардын биринде өттү. Социалдык тармактарда артисттин аткаруусундагы видео жана сүрөттөр тарап жатат. Кадрларга караганда, чектен чыккан рэпер сахнага мас абалында чыгып, иш-чаранын аягында ал бутуна турбай калган.

«Чыгармачыл инсандарды түшүнүүгө болбойт», «Бул эмне деген сыйлабастык», «Мына көрүүчүгө болгон урмат!», «Чарчады, эс алуу үчүн жатты» деп сындашты күйөрмандар.

@dianatashiНа одной сцене

♬ Yung Hefner — MORGENSHTERN