«Бул менин кыялым». Курьер менен мотоцикл айдоочунун сүйлөшүүсү көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алды

Интернетте мотоциклист менен курьердин сүйлөшүүсү тартылган видео популярдуу болуп жатат. Алматыда тартылган видео бир эле күндүн ичинде ал эки миллионго чукул жолу көрүлгөн. Tengri Life бул окуя тууралуу кенен баяндап берди.

Алматыдагы көчөлөрдүн биринде эки мотоцикл күйөрмандары кокустан жолугуп калышкан. Алардын бири модага айланган Suzuki GSX-R 1000 айдап жүргөн.

«Бир-эки суроо берсем болобу? Бул менин кыялым да. Сонун болсо керек ээ», — деп мопеддеги курьер жылмайып видеонун авторуна кайрылат. Токтоп, жигиттер сүйлөшүүнү улантышат.

«Шаардын ичинде айдап жүргөн коркунучтуу эмеспи?» — деп суроо салат курьер.

«Мопеддегидей эле, бирок бир аз ылдам. Жалпысынан алганда баары жакшы. Мени Инстаграмга кошсоңуз, суроолор болсо жазасыз», — деп жооп берет мотоцикл айдоочу.

Андан соң мотоциклдин ээси жигитке аны айдап көрүүгө мүмкүндүк берген. «Кыздардын баары сеники болушу керек ээ? Жашагың келет го» деген жигит видео тартып алууну суранган.

«Мен бул видеону 3-апрелде дүкөндөн келе жатканда тартып алгам. Жигит мени токтотуп, бир нече суроо берди. Мен аны менен баарлашууну улантып, мотоцикл боюнча дагы бир нече кеңештерди бердим. Бул видеону жүктөөнү чечтим. Себеби айдоочу айдоочуга дос экенин мисал кылгым келди. Кээде терс көрүнүштөр көп болот. Ушундай жагымдуу көз ирмемдер көп болсо экен», — дейт мотоциклдин ээси.

@ridefreeride И она скоро сбудется #мото#мотоциклы#случаи#реакции#мотожизнь#добро#байкер#рек#fyp#rec#рекомендации ♬ оригинальный звук — aldik.mp4