«Бычактап, денени бөлүктөргө бөлүп, мончодо өрттөп…» Орусияда ушактын айынан үрөй учурган окуя катталды

Алтай Республикасынын Турочак районунун Кебезень айылында жергиликтүү тургун аялынын курбусун мыкаачылык менен өлтүрүп, андан соң денесин бөлүп, жер төлөгө жашырып койгон. Бул тууралуу «Российская газета» жазып чыкты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жаран үйүндө жубайы жана анын курбу кызы менен бирге спирт ичимдиктерин ичкен. Аялы уктоочу бөлмөгө кирип кеткенде, курбусу күйөөсүнө аялы ага көзүнө чөп салып жатканын айткан. Ага ишенгиси келбеген жаран курбусунун курсагына бычак сайган. Аял дароо каза болгон. Анан киши сөөктү ашканага таштап, уктоочу бөлмөгө кеткен. Эртең менен ал эмне болгонун түшүнүп, маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, мончодо өрттөөгө аракет кылган, бирок күйбөй койгон. Ошондон улам аялдын сөөгүн жер төлөгө катып койгон. Жарандын жакындары милицияга кайрылышкан. Учурда ал камакта.