Бүгүн, 12-февралда магниттик бороон күтүлөт

Бүгүн, 12-февралда магниттик бороон күтүлөт. Orda.kz жерге күчтүү магниттик бороон жакындап келе жатканын жазды. 

Магниттик бороон 12-февралда эң жогорку интенсивине жетет. Бул көрүнүш бүткүл планетада кыска толкундуу радиобайланыштын үзгүлтүккө учурашына, навигацияга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Магниттик бороонго көз каранды адамдар өзүн жаман сезиши жана маанайы өзгөрүшү ыктымал.