Бүгүн Апофис астероиди жерге жакындайт

Бүгүн Апофис астероиди жерге акыркы 8 жылдан бери эң жакын аралыкка жакындайт. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Астероиддин жерге жакындоосу окумуштууларга анын орбитасын аныктоого жана курамын билүүгө жардам берет. Мындай маалыматтар астероиддин жер планетасы менен кагылышуусунун алдын алуу үчүн керектелет. Бул астероид жер менен кагылыша турган болсо, жер кыйроого учурашы мүмкүн дешет окумуштуулар.

2004-жылы АКШнын Китт-Пик улуттук обсерваториясы Сонора чөлүнө жакын аймакта белгисиз астероидди байкаган. Бирок аба ырайынын начардыгы жана техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам аны изилдөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Анын диаметри болжол менен 400 метр экени айтылган.

Окумуштуулар бул асман телосу дал ошол 2004-жылда изилденбей калган астероид болушу мүмкүн деп болжошууда.