Бүгүн Бишкекке келе турган Катардын эмирин Өзбекстанда кандай тосуп алышты?

Кечээ, 5-июнда Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин чакыруусу менен Самаркандга барды. Мамлекеттик сапары менен келген Катардын эмирин өзбек лидери өзү аэропорттон салтанаттуу тосуп алды.

Бүгүн Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Анда президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөр, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.