Бүгүн да Украинанын бир катар райондорунда жардыруулардын үнү угулуп жатат (видео)

Бүгүн, 26-февралда таң эрте Украинанын бир катар райондорунда жардыруулардын, атылган октордун үндөрү угулуп жатат. Бул тууралуу «УНИАН» жазып чыкты.

Сөз Соломенка, Шулявка жана Зоопарк райондору жөнүндө болуп жатат. Өз кезегинде Украинанын атайын байланыштар боюнча мамлекеттик кызматы Киевдин тургундарын шашылыш түрдө жашынууга чакырууда.