Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылды, добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө аяктайт.

Жарандар жогорку кызматка талапкер болгон беш адамдын кимисине артыкчылык берүүнү чечиши керек.

Республикада бардыгы болуп 9925 шайлоо участогу ачылды. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери да иш алып барып жатышат. Жеңиш үчүн талапкер 50 пайыздан ашык добушка ээ болушу керек. Добуш берүүгө катышуу босогосу 33 пайызды түзүшү керек.