Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн коронавируска каршы вакцина аларын билдиргенин РИА Новости жазды.
«Эмдөөдөн өтүү бул, албетте, ар бир адамдын өз эрки, жеке чечими. Айтмакчы, мен дагы эртең сайдырайын деп ниеттенип жатам», — деген ал кечээ, 22-мартта коронавируска каршы вакцина алуу боюнча онлайн жыйын учурунда.
Кеп кайсы препарат тууралуу болуп жатканын тактаган эмес, бирок президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков агенттикке ал ата мекендик үч вакцинанын бирөөсүн колдоно турганын айткан. Буга чейин Путин анын курагына вакциналар туура келбегендиктен сайдырбай жатканын айткан болчу.
Орусия «Спутник V», «ЭпиВакКорона» жана «КовиВак» вакциналарын сыноодон өткөрүп жатат.












