1-мартка караган түнү Казакстанда убакыт эсеби теңдештирилди.
Астана, Алматы жана башка чыгыш Казакстандын убактысы 1 саатка артка жылдырылып, батыш Казакстандын убактысы менен теңделет. Буга чейин батыш менен чыгыш Казакстанда убакыт 1 саатка айырмаланчу.
Ошентип, бүгүндөн баштап Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстан бирдей убакыт ченинде болот. Башкача айтканда, аталган өлкөлөрдө саат 10 болсо, Кыргызстанда 11 болгон болот.