Быйыл камакка алынган журналисттердин саны боюнча рекорд коюлду

2020-жылы кесиптик ишмердүүлүгү үчүн камакка алынган журналисттердин саны боюнча рекорд катталган. Мындай маалыматты Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет таратты. Ушул жылдын 1-декабрына карата, бери дегенде, 274 медиа кызматкер камакка алынган же түрмөдө отурушат — бул уюм тиешелүү маалыматтарды чогултуп, жарыялай баштаган 1990-жылдардын башынан берки эң чоң көрсөткүч.

Камакка алынган журналисттердин саны боюнча алдыңкы төрт мамлекетте Кытай, Түркия, Египет жана Сауд Аравия бар экендиги белгиленди. Медиа кызматкерлерине каршы репрессиянын негизги себеби «нааразычылык жана саясий тирешүү». Кыргыз өлкөсүндөгү ММК кызматкерлеринин укугун коргогон медиа уюмдар дагы 5-6-октябрдагы окуялардан кийин журналисттерге карата коркутуулар көбөйгөнүн баса белгилешкен.