Быйыл тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн экени айтылды

Окумуштуулар 2024-жыл тарыхтагы эң ысык жыл болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Бул тууралуу Bloomberg жазды.

Эксперттер буга эки фактор таасир этип жатканын белгилешет. Биринчиси — температуранын глобалдык жылуусу, экинчиси Эль-Ниньо кубулушу.

Метеоролог Петтери Тааласа 2024-жыл рекорддук ысык жыл болот деп ишенет. Адис ошондой эле быйыл кургакчылык жана суу ташкындары кыйла көп болорун белгиледи. Ошол эле учурда климат боюнча илимпоз Вики Томпсон деңиз муздарынын эришинен улам Европада катуураак жана көбүрөөк суу ташкыны болорун эскертти.