Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму үчүнчү жынысты тааныды

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюму үчүнчү жыныстын мүмкүнчүлүгүн таануу үчүн гендердик негизги багыттарды жаңыртууну пландоодо. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жыныс эркек же аял менен гана чектелбейт. Мындай кадамы менен алар «рамкадан чыгып» гендердик сексуалдык ар түрдүүлүктү кабыл аларын билдирет. Бул чечим гендердик нейтралдуу нарративдин социалдык жана коомдук турмушта гана эмес, саламаттыкты сактоо тармагында да колдонуунун көбөйүшү менен түшүндүрүлөт.