Бүтпөгөн «Күйөөгө тий» темасы. Кытайда 27 жаштагы кызды ата-энеси «күйөөгө тий» дей берип оорукчан кылып коюшкан

27 жаштагы кытайлык тургун ата-энесинин турмушка чык деген талаптарынан улам психикасы бузулуп, ооруканага кайрылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Цзинань шаарынын тургуну дем алуусу начарлап, колу-буту жансыз болуп, сезбей жатканын айтып ооруканага кайрылган. Дарыгерлер кызды текшерип ашыкча тынчсыздануу ушундай абалга алып келгенин аныкташкан. Кыз ата-энеси көптөн бери турмушка чыгуусу керектигин айтып тажатышканын, акыркы жолу ошонун айынан үйүндө чоң ызы-чуу болгонун, ошол күнү ал аба жетпей демигип калганын маалымдаган.

Кызды дарылаган врач эгер кызда тынчсыздануу кайталана берсе ден соолугуна чоң күч келерин билдирген.