Чебурашканын образын жараткан Леонид Шварцман каза болду

Чебурашканын жана башка көптөгөн каармандардын жаратуучусу, советтик анимация классиги Леонид Шварцман 101 жашында каза болду. Бул тууралуу басылмаларга «Союзмультфильм» киностудиясынын башкы редактору Сергей Капков билдирди.

Шварцман бир нече муундагы көрүүчүлөргө «Кар ханышасы», «Кызыл гүл», «Алтын антилопа», «Крокодил Гена», «Гав аттуу мышык», «38 тоту куш» жана башка көптөгөн мультфильмдерди тартуулагандардын бири болгон.