Чеченстанда уулун сүзүп өлтүргөн окуучусун кечирген ата көпчүлүктү ыйлатты (видео)

Чеченстанда жаш жигит Куран үйрөткөн устатынын уулун сүзүп өлтүргөн. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар жазышты. 

Шайх Анвар 14 жаштагы Яхья аттуу баласын жерге берүүдөн мурун окуучусун алып келүүгө унаа жөнөткөн. Ал келген.

«Мен сени жакшы көрөм, сенин мени жакшы көрөрүңдү да билем. Жакында эле экөөбүз чогуу отуруп Куран окудук. Мен сенин мугалимиң, сен менин окуучумсуң. Мен сени Алла үчүн өмүрүңдүн акырына чейин жакшы көрөм жана кечирдим. Алла сага сабыр жана бардык жакшылыкты берсин. Кел, кучактайын», — деген маркумдун атасы.