Чеченстандык мушкер кыз топ балдар тарабынан сабалганын айтты

Чеченстандык профессионал мушкер Аминат Элбукаева Швейцарияда жарым жыл ичинде экинчи жолу топ балдар тарабынан сабалганын Tengri Sport басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, кол салуу ал машыгуудан кайтып келе жатканда болгон. Спортчунун айтымында, артынан башына сокку жеп, эсин жоготкон. Эс-учун жоготуп жаткан учурда бети-башка тепкилешкен. Ал бул жолу да оор жаракат алган.

Кыздын айтымында, көзүнүн көрүүсү 50 пайыз начарлаган жана муну операциясыз калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес.

2024-жылдын июнь айында кызды беш киши сабап салган. Кыздын досунун айтымында, кол салгандар спортчуга чечен блогеринен «салам» айтышкан.