Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров «Нобель» сыйлыгына көрсөтүлдү

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Нобелдин тынчтык сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кадыровдун аталган сыйлыкка көрсөтүлөөрү буга чейин эле эл оозунда айтылып келген. Анын акыркы 15 жыл ичинде тарыхый оор аймакта туруктуу тынчтыкты орнотууга жана сактоого кошкон зор салымы бааланышы керектиги айтылчу.

Учурда эми Кадыров сыйлыкка расмий түрдө көрсөтүлдү. Бирок ал кимдин демилгеси жана арызы менен көрсөтүлүп жатканы белгисиз. Анткени эл аралык Нобель маалымат борборунун президенти Вячеслав Тютюнниктин айтымында, бул купуя маалымат. «Уставга ылайык аны 50 жыл бою ачып берүүгө болбойт», — деп айтылат маалыматта.