Чехияда асмандан «акча жаады». Тик учактан миллион доллар ыргытылды

Жакында эле Чехиянын борбору Праганын жанында элге бир долларлык купюралар жамгырдай жаады. Аны жергиликтүү блогер Kazma уюштуруп, ал үчүн атайын тик учак жалдаган. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Алгач Kazma автордук тасмасындагы кодду чечмелей алган адамга миллион доллар убада кылган. Бирок табышмакты эч ким чечмелей алган эмес. Анда блогер бул акчаны өзүнө калтырбайм деп убада берип, жаңы сынак жарыялаган. 22-октябрда эртең менен Kazma өзүнүн сайтында катталгандарга электрондук почта аркылуу локацияны жөнөткөн. Бул жер Прагадан 30 чакырым алыстыкта ​​талаа болуп чыкты.

Белгиленген саатта талаанын үстүндө тик учак пайда болуп, андан бир миллион долларлык майда купюралар жааган. Ал убакта жер бетинде бир нече миңдеген адамдар күтүп турушкан. Европалык басылмалардын маалыматына караганда, келгендер бир саат бою рюкзактарга акча чогултушкан.