Чехияда экиден беткап тагуу талабы коюлду

Эртең, 25-февралдан баштап Чехиянын тургундарына өкмөтү тарабынан коомдук жайларда ошондой эле эл көп топтолгон аймактарда медициналык беткаптан экини тагуу милдеттендирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Чехиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги мындай эки беткап тагуу талабын британ штаммынын жайылуусуна байланыштуу кабыл алган. Ошондой эле мекеме бул жаңы эреже өзгөчө дүкөн, оорукана, коомдук транспорт жана унаа бекеттеринде сөзсүз түрдө талап кылынаарын билдирген.

Белгилей кетсек, январь айынын башында Чехияда өзгөчө кырдаал режими кабыл алынып, 21:00дөн таңкы 5ке чейин коменданттык саат киргизилген.