Чехиядагы ресторанда болгон жарылуудан алты киши мерт болду

Чехиянын Мост шаарындагы ресторанда болгон жардыруудан алты киши мерт кетти. 11-январда пропан-бутан аралашмасы жарылган. Сегиз адам жабыркап, 30 адам эвакуацияланган.

Өрт өчүрүүчүлөр ресторандын жылыткычы оодарылып, жарылуу жана өрткө алып келгенин билдиришти.
Ресторандын жанындагы көп кабаттуу үй эвакуацияланды.