Чехиядагы торнадо 7 айылды талкалап, 300 адам жабыркады (видео)

24-июнда Чехияда торнадо катталып, Австрия жана Словакия менен чектеш жердеги жети айылды жана Годонин шаарын кыйратты. РИА Новостинин берген маалыматы боюнча, кырсыктан 300дөй адам жаракат алса, үч адам каза болгон. Торнадо бештен үч же төртүнчү даражада болгон. Ошондой эле көлөмү 10 сантиметрге чейин мөндүр жааган. Айылдарда жана шаарда урандылардын алдын издөө уланууда — алардын астында калып калган адамдар бар. Чехия, Австрия жана Словакиядан келген куткаруучулар жана дарыгерлер жеринде иштеп жатышат. Өлкөгө өзгөчө кырдаал жарыяланды.

120 миңге жакын үй-бүлө электр жарыгысыз калды. Бийлик торнадодон жабыркаган аймакка 10 миллион крон бөлөт (470 миң долларга жакын). Жабырлануучуларга 58 миң крон (2,7 миң доллар) өлчөмүндө алгачкы материалдык жардам көрсөтүлөт.