Чехиянын «Czech Airlines» аттуу улуттук авиакомпаниясын банкрот деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Прага соту Чехиянын «Czech Airlines» улуттук авиакомпаниясын банкрот деп тапкан. Бирок коронавирус пандемиясынан улам абалы оорлошуп кеткен авиакомпания сотко өзү кайрылган.
Себеби авиакомпаниясынын карызы 1,8 миллиард чех кронуна башкача айтканда 80 миллион долларга жеткен.
Мындан улам авиакомпания февралдын аягында каржы кудуретсиздиги тууралуу мыйзамга ылайык реорганизация кылуу сунушу менен сотко кайрылган. Анда алар мындай банкрот болууларынын себеби катары коронавирус пандемиясын атаган. Ошондой эле алар чет өлкөлүк авиакомпаниялардан айырмаланып эч кандай өкмөттөн жардам албаганын айтышып, пандемиядан улам жүздөгөн кызматкерин жумуштан кетирүүгө аргасыз болушканын билдиришкен.








