Быйыл дүйнөдө 54 журналист каза болгону маалымдалды

Быйылкы жылы дүйнө жүзүндө өз кызматын аткарып жүрүп, 54 журналист каза болду. Бул акыркы 5 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Маалыматтар «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун сөз эркиндиги боюнча 12-декабрда жасаган жылдык отчетунда жазылды.

Газа сектору эң кооптуу аймак деп аталды. Өмүрүн жоготкон 54 медиа кызматкерлердин үчтөн бири ушул аймакта каза тапкан Ал эми ХАМАС менен Израилдин кагылышынан массалык маалымат каражаттарынын 145 кызматкери көз жумду. Мындан сырткары, маалыматта Орусия-Украина согушунан (2022-жылдын февраль айынан бүгүнкү күнгө чейин) 13 кабарчы каза тапканы айтылат.

Учурда дүйнө жүзү боюнча 550 журналист түрмөдө отурушат. Алардын жарымынан көбү төрт өлкөдө: Кытай (Гонконг түрмөлөрүн кошкондо — 124), Мьянма (61), Израиль (41), Беларусь (40).

«Журналисттер өлүмгө туш болушат, камалышат, уурдалышат. Тилекке каршы, мындай зомбулуктар жазасыз калып жатат. Биз маанилүү окуяларды чагылдыргандарды коргошубуз керек. Алардын өз жанын берген иши көптөгөн инсандардын азабын башкаларга жеткирүү болуп эсептелет», — деп билдирди «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун немис кызматынын башчысы Аня Остерхаус.

Мындан тышкары, 34 өлкөдө дээрлик 100 журналист дайынсыз жоголгон. Алар Мексикада (3), Малиде (3), Конгодо (2), Палестинада (2), Иракта (2).