Чилиде катуу күн ысып, кургакчылык каптап турган кезде бир сутканын ичинде 140тан ашуун өрт катталды. Жүздөгөн имараттар күйүп, 50дөй киши каза болду, 200дөн ашуун кишинин дайыны жок.
Өлкөнүн президенти Габриэль Борич каза болгондордун саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди, анткени өрт токтой элек.
Өлкө ичинде 43 миң гектардан ашуун аянт өрттөнүп жатат. Аны 1500дөй өрт өчүрүүчү токтотууга аракет кылышууда. Бул кырсыкты өлкөнүн тарыхындагы эң масштабдуу деп аташууда.