Чили жараны адашып которулган айлыгынан 286 эсе көп акчаны алып жоголуп кеткен

Чилилик кызматкерге компания адашып 286 эсе көп айлык которуп алган. Кызматкер акчаны алган боюнча жоголуп кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, компаниянын кызматкери айына 500 миң чили песо (43 миң сомдун тегереги) алчу. Бирок компания адашып ага 165 миллион 400 миң (14 миллион сомдун тегереги) которуп алышкан. Кызматкер көп суммадагы акчанын эсебине түшкөнүн байкаганда жетекчилигине байланышып, эртеси банкка барып акчаны кайтарып берерин айткан. Бирок эртеси жетекчилигине жумуштан кетүү арызын жөнөтүп коюп ошол боюнча байланышка чыкпай койгон.

Алданып калган компания акчаны мыйзамсыз ээлик кылып алганы үчүн кызматкерин сотко берүүгө камынып жатканын билдирген.