«Чоң жетилик» муктаж өлкөлөргө 870 миллион доза вакцина берет

Улуу Британиянын Корнуолл шаарында өткөн «Чоң жетиликке» кирген өлкөлөрдүн саммитинин катышуучулары муктаж болгон өлкөлөргө 870 миллион доза COVID-19 вакцинасын берүүгө макул болушту. Алар муну COVAX механизми аркылуу жасоого ниеттенишет. Бул тууралуу «БУУнун жаңылыктары» жазды.

Алар ушул жылдын аягына чейин убада кылынган дозалардын кеминде жарымын камсыз кылууга милдеттеништи. COVAX билдирүүсүнө ылайык, мамлекет башчылары вакцинага керектүү продуктуларды экспорттоону колдоого, ошондой эле вакциналардын дүйнөлүк масштабда коммерциялык эмес өндүрүшүн алга жылдырууга милдеттенме алышты. COVAX учурда тартыштыкка туш болду. Бул демилгенин катышуучулары убада кылынган вакциналар тезирээк келе баштайт деп үмүттөнүшөт.

ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнө дагы деле болсо пандемияга каршы жеңиштен алыс экендигин, вакцина жетишсиз өлкөлөрдө оорунун кескин өсүшү байкалганын эскертти.