ЧВК «Вагнер» жетекчилери түндө авиакырсыкта набыт болгону айтылды. Соңку маалыматтар

Кечээ, 23-августта Орусиянын Тверь облусунда ЧВК «Вагнердин» негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин Embraer ERG 135 үлгүсүндөгү бизнес-жет учагы кырсыкка учураган. Орусиялык бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, бортто 10 адам болгон жана баары каза болгон.

Бортто каза болгон 10 адамдын сөөгү табылганы маалымдалды. Бирок алардын баары күйүп кеткен жана сөөктүн кимге таандык экендигин аныктоо үчүн ДНК-экспертиза жүргүзүү талап кылынат.

Айрым маалыматтарга караганда, жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин жана анын оң колу Дмитрий Уткин бар болгон. Бирок бортто болуп же болбогону белгисиз.

Учактын кырсыкка кабылуу себеби боюнча бир канча версиялар айтылууда. Grey Zone Телеграм-каналы учак абадан коргонуу системи менен атып түшүрүлгөн десе, Mash Телеграм-каналы теракт болду деп жазды.