Австрияда эмдөөдөн кийин 55 адам каза тапты

Австрияда коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгондордун саны 55 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча федералдык бюросу билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бирок өлгөндөрдүн вакцина менен байланышы толук аныктала элек. Учурда изилдөө иштери уланып жатат.

Ошондой эле жергиликтүү ЖМКлардын айтымында, Австрияда эки жумадан бери коронавируска каршы эмделгендерге байкоо жүргүзүлүп келет. Жыйынтыгында, алгач 15 миң 790 адамдан терс таасир байкалса, бара-бара бул сан 17 миң 280ге чейин көбөйгөн. Алардын көпчүлүгү «AstraZeneca» вакцинасын алган. Ошондой эле өткөн жумада Австрияда «Pfizer-BioNtech» вакцинасы менен эмделгенден кийин 51 адам каза тапкан.