COVID-19: Чехияда шаарлардын биринде жалгыз крематорийге күч келип, жарактан чыкты

Чехияда коронавирус боюнча абал оор бойдон калууда. Бул өлкөдө Ковид-19 оорусу Евробиримдиктеги эң жогорку деңгээлди көрсөтүүдө — тагыраагы миллион калкка 115,7 миң оорулуу туура келет. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирет.

Карловы Вары шаарында коронавирустан каза тапкандардын санынын көптүгүнөн аймактагы жалгыз крематорийдин меши жарактан чыккан.

«Аймакта адам өлүмү быйылкы жылдын эки айында башка жылдарга салыштырмалуу 2 эсе көп болду. Ошол себептен крематорийдин мешине катуу күч келди. Адатта меште өрттөө иштери айына 200 жолу жүргүзүлсө, бул  айларда 400, кээде андан да көп жолу жүрдү. Мындан улам ал иштен чыкты», — деп билдирген шаар мэриясынын өкүлү Ян Копал.

Анын айтымында, мешти келе жаткан жумада оңдошот. Азырынча крематорийдин имаратында коштошуу зыйнаты гана өтүп турат.

«Өлкө боюнча биздин шаар коронавирустун жайылышы боюнча эң оор абалда болууда. Орточо алганда, республиканын чыгышына караганда, бул жакта вирус жуктургандар 3-4 эсе көп», — деди мэриянын өкүлү.

Копалдын айтымында, көбүнесе коронавирустун британдык штаммы басымдуулук кылып жатат — илдетке чалдыккандардын 80 пайызынан дал ушул штамм аныкталууда.

Өлкө былтыр күздөн бери катуу чектөөлөрдүн астында жашап келет. Ресторандар менен кафелер тамак-аш жеткирүү кызматын гана аткарат, азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка дүкөндөр, бала бакчалар жана мектептер жабык, кечки саат 9дан таңкы 5ке чейин коменданттык саат киргизилген.