COVID-19. Дүйнөнүн алты өлкөсүндөгү мектептер азыркыга чейин ачыла элек

Дүйнөнүн алты өлкөсүндөгү мектептер азыркыга чейин ачыла элек. Бул тууралуу БУУнун Балдар фондунун жаңы отчетунда айтыларын UN News жазып чыкты. Уюм 77 миллион бала билим алуу укугунан гана эмес, теңтуштары менен баарлашуу жана кадимкидей өнүгүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылганын белгиледи.

«Пандемия башталгандан 18 ай өткөндөн кийин дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүндөгү мектептер дагы эле толугу менен же жарым-жартылай жабылган. Бангладеш, Венесуэла, Сауд Арабиясы, Панама, Кувейт жана Филиппиндин мектеп окуучулары такыр мектепке барышпайт жана аралыктан окушат”, — деп айтылат маалыматта. Жалпысынан алганда, пандемия учурунда 11 өлкөдө болжол менен 131 миллион бала күндүзгү окуусун төрттөн үч бөлүгүн өткөрүп жиберген.

Ал эми Кыргызстанда жаңы окуу жылы 15-сентябрда салттуу режимде башталды.