COVID-19 илдети пандемия деп жарыяланганына туура бир жыл болду

Бүгүн, 11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) коронавирус илдети пандемия деп жарыялаганына туура бир жыл болду.

2020-жылдын 11-мартында ДСУнун башкы директору Тедрос Адан Гебресиес инфекция бир мамлекеттин чегинен чыгып, бүтүндөй дүйнө жүзүнө коркунуч туудуруп баштаганын айткан.

“Пандемия жай эле айтып коюп же жөн эле колдонула тургчу сөз эмес. Бул сөздү, эгер туура эмес колдонсок анда негизсиз коркуу сезимине же күрүш бүттү деп негизсиз сүйүүнүгө же ашыкча азап-кайгыга аны менен катар өлүмгө алып келиши мүмкүн”, — деп билдирген ал ошол учурда.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө жыл ичинде аталган илдетке 117,9 миллиондон ашуун адам чалдыккан. Алардын 66,8 миллиондон ашууну айыгып, 2,6 миллиондон ашуун адам көз жумган.